Президент 2010-жылдагы июнь окуялары боюнча материалдарды изилдөөнү тапшырды
Расмий кабарлар  |   |  1231

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине 2010-жылдагы өлкөнүн түштүгүндө жүздөгөн жарандар каза болуп, миңдеген адамдар жаракат алып, жабыркаган кайгылуу июнь окуялары боюнча материалдарды изилдөөнү тапшырды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынган чечимдер жөнүндө толук маалымат берүү, ошондой эле мыйзамдуулукту жана объективдүүлүктү сактоо менен тиешелүү чечимдерди кабыл алуу тапшырылды.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями