www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украина тынчтык сүйлөшүүсү боюнча өз сунушун айтты

Украина Орусия менен тынчтык сүйлөшүүнү Мариуполдо өткөрүүнү сунуштады. Украин делегациясынын жетекчиси, президенттин жардамчысы Михаил Подоляк Киев сүйлөшүүнү алдын ала шарт койбой өткөрүүгө макул экенин билдирген.

Делегациянын дагы бир өкүлү Давид Арахамия Телеграмга жазгандай, алар аскердик гарнизонду жана жайкын тургундарды чыгарып кетүү үчүн Мариуполдо орус тарап менен жолугушууга даяр. Бул сунушка Москва азырынча жооп кайтара элек.

20-апрелде Мариуполдон жайкын тургундарды чыгарып кетүү жараяны ишке ашкан жок. Бул тууралуу Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещук билдирип, бул үчүн орус тарапты айыптады. Шаршембиде эки тарап жайкын тургундарды чыгарып кетүү үчүн гуманитардык коридор түзүүгө макулдашкан.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Мариуполдогу кырдаал начарлап жатканын билдирди. Анын айтымында, курчоодогу шаарда миңдеген аскер жана жайкын тургундар бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости