www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда 2021-жылы башкаруу системасы түп-тамырынан өзгөргөн. Парламенттик башкаруудан президенттик башкарууга өтүү жаңы Конституция аркылуу бекитилген. Бирок дал ушул бурулуш учур эң негизги укуктук логиканын бузулушу менен коштолду.

Президент Садыр Жапаров 2021-жылдын январында Конституциянын мурдагы редакциясынын негизинде шайланган. Ал Конституция парламенттик башкарууга негизделип, президенттин ыйгарым укуктары чектелүү болгон. Ал эми 2021-жылдын апрелинде жаңы Конституция кабыл алынып, “супер президенттик башкаруу” киргизилип, мамлекет башчысынын ыйгарым укуктары кескин кеңейди. Ошол эле учурда президенттик кызматтын мөөнөтү жана шайлануу тартиби да өзгөртүлдү.

Укуктук логика боюнча, башкаруу системасы өзгөрүп, жаңы Башмыйзам кабыл алынгандан кийин, ошол Конституцияга ылайык жаңы шайлоо өткөрүлүшү керек эле. Анткени эски Конституция менен алынган мандат жаңы Конституциядагы башка мазмундагы, башка көлөмдөгү ыйгарым укуктарды автоматтык түрдө мыйзамдаштыра албайт. Тилекке каршы, Кыргызстанда мындай шайлоо өткөрүлгөн жок.

Натыйжада укуктук парадокс жаралды. Президент эски Конституция менен шайланып, жаңы Конституция берген кеңири ыйгарым укуктар менен иш алып барууда. Бул укуктук да, саясий да, моралдык да жактан талаштуу абал.

Мындан тышкары, президенттик мөөнөт маселесинде да так эмес. Бири-бирине каршы келген аргументтер айтылууда. Эски Конституция боюнча президент 6 жылга бир жолу гана шайланат. Эгер ушул норманы негиз кылсак, анда 6 жылдык мөөнөттү толук өтөгөн президент кийинки шайлоого барууга укуксуз. Ал эми жаңы Конституцияда президент 5 жылга, эң көп дегенде эки мөөнөткө шайланат. Бирок бул норма жаңы Конституциянын негизинде шайланган президенттерге тиешелүү.

Эгер президент эски Конституцияга таянып иш алып барса, анда ал 6 жылдык мөөнөттөн кийин кайра шайлоого катышпоого тийиш. Эгер жаңы Конституциянын негизинде иштеп жатам десе, анда бир мөөнөт катары 5 жыл эсептелип, ошол Конституцияга ылайык кайра шайлануу үчүн адегенде жаңы шайлоо өткөрүлүшү шарт.

Дал ушул себептен Конституциялык соттун мурдагы мүчөсү Клара Сооронкулованын “тез арада президенттик шайлоо өткөрүүгө Конституция жол берет” деген пикири укуктук жактан негиздүү. Чукул шайлоо бул кимдир бирөөгө каршы кадам эмес, тескерисинче, башкаруу системасын мыйзамдуу, легитимдүү жана таза укуктук талаага алып келүүнүн жалгыз жолу.

Маселе жеке адамда эмес. Маселе мамлекеттүүлүктүн эрежелеринде. Конституция ыктыярга жараша чечмелене турган саясий инструмент эмес, баарына бирдей иштей турган жогорку мыйзам болушу керек.

Канткен күндө дагы Ажобуздун ишине ийгилик, кыргыз калкы үчүн кызмат кыла берсин!

Последние новости