www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Ала качууну алдын алуу жана болтурбоо" аттуу талкуу Бишкекте болуп өттү. Ага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, укук коргоочулар, тарыхчылар, дин таануучулар катышты. Талкууга катышкан ИИМ коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Улан Рысбеков кыз ала качуу боюнча маалымат берди.

«2019-жылдын алты айында ала качуу фактысы боюнча 118 кылмыш иши козголду. Анын 94ү кызды никеге тургузуу үчүн уурдоо, 12си никеге турууга мажбурлоо. Иштердин көбү сотко өттү. Ала качуу айыл жергесинде көп катталат”, - дейт Улан мырза.

Эскерте кетсек, жаңы кабыл алынган Жазык кодексине ылайык, быйылтан тарта Кыргызстанда ала качуу үчүн жаза күчөтүлгөн. Мыйзам боюнча, кыз ала качкан адам 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат. Ал эми өспүрүм кызды мажбурлап никеге тургузгандар 200 000 сом өлчөмүндө айыпка да жыгылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости