www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Зарылбек Рысалиев үй камагына чыкты

Кримтөбөл Азиз Батукаев маселеси боюнча депутат Зарылбек Рысалиевге козголгон кылмыш иши боюнча Биринчи май райондук сотунда каралды. Сот анын бөгөт чарасын карап, аны үй камагына чыгаруу чечимин чыгарды.

Эскерте кетсек, Батукаев бошотулган учурда Рысалиев ЖАМКны жетектеп турган. Ал 7-июнда, ИИМге суракка чакырылып, сурак берип жатканда өзүн жаман сезип, тез жардам менен ооруканага жеткирилгени айтылган. Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына караштуу атайын ооруканада дарылангандан кийин, 2-июлда Таш-Дөбө кыштагындагы (Воронцовка) Кыргыз улуттук курортология институтунан которулган. Ал жерден 29-июлда чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости