www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улукбек Марипов Айсулуу Тыныбекованы жеңиши менен куттуктады

Премьер-министр Улукбек Марипов Айсулуу Тыныбекованы Украинанын борбору Киев шаарында өткөн эл аралык турнирде жеңишке жетиши менен куттуктады. Куттуктоону өкмөт башчы социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

"Урматтуу Айсулуу Болотовна! Алтын медалыңыз менен куттуктайм! Сиздердин жеңишиңиздерди кызыгуу менен көрүп, сыймыктануу менен кабыл алдык. Бүгүнкү жетишкендигиңиз тынымсыз эмгек, талыкпас машыгуулардын жыйынтыгы болду десем жаңылбайм.

Сиздин жеңишиңиз элибиздин духун көтөрүп, жаштарыбыздын ишенимин бекемдеген жалпыбыздын сыймыгыбыз!", - деп жазды Марипов.

Киевде өткөн эл аралык турнирде Айсулуу Тыныбекова финалда украиналык балбан кыз менен кез келип, 9:7 эсебинде жеңичүүсү аталды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости