www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетиндеги Бизнес жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынында ыктыярдуу патентте каралган ишмердүүлүктүн түрүн көбөйтүү туурасында айтылды.
Бул сунушту аталган кеңештин мүчөлөрү киргизген.
"Чындыгында пантенттеги учурдагы тизме эскириптир. Азыркы кесиптердин көбү анда жок экен. Мындан улам өзүнчө иш алып барып жаткандар же патенттин башка түрүн алууга аргасыз болуп же такыр эле албай иштеп келет. Анын кесепетинен мамлекеттик бюждетке түшчү акчалардын көлөмү төмөндөп, көмүскө секторду көбөйтүп жатат", — деген министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов.
Жыйындын аягында Марипов тиешелүү мамлекеттик органдарга бул жаатта чечимдерди иштеп чыгууну тапшырган.
Булак: NazarNews.kg