www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук банк Алишер Козуевдин айыптоосуна жооп берди

Улуттук банк доллардын курсунун туруксуз болуп жатышынан күмөн санаган депутат Алишер Козуевге жооп берди.

Эл өкүлү бүгүн парламентте өлкөнүн башкы банкы кечээ, 13-апрелде, депутаттар маселе көтөргөндөн кийин доллардын курсун 10 сомго арзандатканын белгилеген. Ошондой эле “курсту туруктуу кармабай, кандайдыр бир оюн жасап жатат” деген шектенүүсүн билдирген.

Улуттук банк азыркы алмаштыруу курсунун калкыма саясатынын алкагында доллардын сомго карата наркы ички валюта рыногундагы суроо-талаптын негизинде өз алдынча түзүлөрүн белгиледи.

“Мындай саясатты жетекчиликке алып Улуттук банк ички валюта рыногун катуу тартипте жөнгө салуучусу боло албайт. Кандайдыр бир чек коюп, чет элдик валютанын курсунун өзгөрүү тенденциясын аныктай албайт. Кыргызстанда алмаштыруу курстары өзүнчө белгиленбейт, чет элдик валютаны алуучулар менен сатуучулардын керектөөсүнө жараша түзүлөт”, — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Улуттук банк ички валюта рыногуна, сырткы финансы рыногуна, анын ичинде Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрү аталган өлкөлөрдөгү кырдаалга ар дайым байкоо салып турарын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости