www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ЕАЭКтин билдирүүсү боюнча: Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Белорус, Армения доллар менен эсептешкенден айнышып, улуттук валютага өтмөй болушту, бул тууралуу КМШнын үлкөндөрүнүн бири Михаил Евдокимов кан-какшады. Украина менен жаңжаалдан мурун эле ЕАЭКте сооданын 70 пайызы улуттук валюта менен жүрүп калган.
ЕАЭБ 2010-жылы мурунку СССР республикалары Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. Кийин 2015-жылы бул уюмга Армения менен Кыргызстан кошулган. Кыргыз өкмөтү ЕАЭБге мүчө болгондо төрт эркиндик берилерин, алар - жарандардын, товардын, тейлөө кызматтарынын жана капиталдын беш өлкө аймагында тоскоолдуксуз жүрүшү экенин жарыялаган.2021-жылдын сегиз айында ЕАЭБ үчүнчү өлкөлөр менен 44.8 млрд долларга соода жүргүзгөн. Бажыдан экспорттолгон товардын көлөмү импорттон ашып, 263.2 млрд долларды түздү. Ал эми импорт - 183.6 млрд долларды түзгөн. Өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 16.9% же 90.8 млрд долларга төмөндөгөн. Экспорт 22.4% (76.1 млрд долларга), импорт – 7.4% (14.7 млрд долларга) төмөндөгөн. Тышкы соода жүгүртүүнүн профицити 79.6 млрд долларды түздү. Өткөн жылдын январь-август айларында бул көлөм 141 млрд долларды түзгөн.
Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) кирер алдында Кыргызстан үчүн абдан жакшы болот деген сөздөрдү укканбыз. Айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн жакшы шарттар түзүлөт дешкен. Андан бери жети жыл өттү, баарын көрдүк. Өз товарларыбызды сата албай калган учурлар кездешет, тескерисинче, сырттан кумшекер, ун азыктары агылып кирип, биздин базарларды ээлеп алгандыктан кыргыз өндүрүүчүлөрү кыйналып жатат. Жумуртка контрабандалык жол менен келип, базарды каптап кетти. Мисалга келсек жети жыл мурдагыга чейин Токмок, Кочкор, Сокулуктагы мал базардын негизги кардарлары казактар болчу. 10-15-жылдан бери жылкыларыбызды казактар сатып алышчу, баалар жогору болчу. Акыркы убактарда Казакстанга мал сатылды дегенди уккан, көргөн да жокмун.
Кыргызстандын айыл чарба товарларынын ачык сыртка чыга албай жатканына негизги себеби эмнеде болууда? Биз азыр базар шартында жашап жатабыз. Ошондуктан биздин ички базарыбыздагы баалар кошуналарыбыздын баасына көз каранды. Казакстанда бир-эки жыл мурда жылкынын баасы кымбат болчу, азыр Кыргызстандагы баа менен бирдей болуп калды. Биз мурдагы жылдарга салыштырганда өткөн жылы айыл чарба азыктарын көп өндүрдүк, учурда алардын баарын сатып бүтүрдүк. Мурдагыдай картошкабызды чуңкурга төккөн жокпуз. ЕАЭБге кирердеги үмүт-тилектерибиздин орундалбай, ишке ашпай жатканынын себептери, албетте, соода кылуу мейкиндигибиз көбөйдү, үмүттөр, ишенимдер көп эле, тилекке каршы, андай болбоду. Биринчи себебин биздин өзүбүздүн даярдыгыбыздын жоктугунан көрөм. Бир эле мисал айтайынчы, Аламүдүндө күнүнө 50 бука соё турган эт комбинат курулган. Аны чийки зат менен камсыз кыла турган структура түзүлгөн жок. Биздин чарбалар майда, бытыранды.
Евразия уюмунун рыногуна жетиш үчүн тийиштүү стандарттарга жооп беришибиз керек. Айталы, күнүнө 50 баш бука союш үчүн жылына 7500 бука союлуп туруш керек. 7500 буканы союш үчүн 15 миң бука байлоодо туруш керек. 15 миң буканы бериш үчүн 30 миң асыл тукум уюбуз болушу керек. Кыргызстанда ушундай иштерге даярбызбы? Биз ушул багытта иштешибиз керек болчу. Орустар айтмакчы, биз паровоздун алдына түшүп алып кетип баратабыз. Логистикалык борборлорду куруп койдук деп мактанабыз. Аны кайсы продукция менен толтурабыз? Ал үчүн ири-ири чарбаларды түзүшүбүз керек. Илгери короо-короо уй, кой айдап жүрчүбүз. Ошондуктан кооператив чарбаларды түзмөйүнчө өнүгүүгө эч мүмкүн эмес.
Кыргызстан ЕАЭБдин талаптарына ылайык ветеринардык лабораториялар, фитосанитардык көзөмөл маселелерин, ага керектүү жабдууларды чечтиби, муну карап көрөлү. Убагында лабораторияларды куруу боюнча демилгелер болгондо айрым саясатчылар каршы болушкан, ошол себептен ал башка жакка көчүп кеткен. ЕАЭБге кирбегенде биз лабораторияларды кура алмак эмеспиз. Бизге Орусия 200 миллион доллар акча бөлүп берди. Ошонун негизинде эки фитосанитардык лабораторияларга жаңы жабдыктарды алып келип, эл аралык аккредитациядан өтүп, тиешелүү сертификаттарды алдык. Ошондой эле жаңы жабдуулары менен эки ветеринардык лаборатория ишке берилди. Дагы беш лаборатория куруу пландалууда.
Евразия өнүктүрүү банкы уюмдун курамына кирген Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусиянын интеграцияланышына жана өнүгүүсүнө көмөктөшкөн эл аралык каржы уюму болуп саналат. Анын уставдык капиталы жети миллиард долларды түзөт. Банк 2006-жылдын январында Алматыдагы штаб-квартирасы менен биргеликте Орусия жана Казакстан тарабынан негизделген. Орус-кыргыз өнүгүү фонду Кыргызстандын ЕАЭБдин талаптарына ылайык, келген өндүрүш тармактарын өнүктүрүү үчүн иштейт деди эле. Кыргызстандын айыл чарбасына бул фонд колдоо көрсөтүп жатканы билинбейт. Ошол эле учурда фонддо иштеген айлык- маяналардын кору бир миллион долларды тегерегинде деп укканда башка суроо жаралат. Кыргызстанда айыл чарбасынын ээси жок сыяктуу Элдин 65 пайызы эмгектенген айыл чарбасынын тагдырына жооп бере турган киши керек.
Мурунку СССР республикаларынын алкагында түзүлгөн ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин экономикалык жагдайына көңүл бурат, буга салыштырмалуу Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) аскердик жана стратегиялык жакка көбүрөөк көңүл буруп жаткансыйт. Президент Садыр Жапаров ЕАЭБке мүчө-өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын алдында чыгып сүйлөп кыйла актуалдуу багыттарды белгиледи.
Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) мүчө-өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары менен жолугушкан. Жолугушууга Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Мамин, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин, ошондой эле ЕАЭБде байкоочу макамы менен Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов жана Евразиялык экономикалык комиссия коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович катышты
Садыр Жапаров өз сөзүндө ЕАЭБ өлкөлөрүн чектеш чек аралар эле эмес, достук ынактыгы, көп кылымдык биргелешкен жанаша жашоо, экономикалык, саясий, экологиялык жана демографиялык кызыкчылыктар да бириктирип турарын баса белгилеген.
«Биздин бүгүнкү жолугушуу Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын алдында өтүп жатканы көрүнүктүү окуя. Бул күндөрү өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин отурумунун жыйынтыгы ЕАЭБ алкагындагы кызматташтыктын мындан аркы өнүгүүсүнө, анын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун арттырууга салым кошот деп ишенем. Кыргызстан биздин мамлекеттер ортосундагы ар тараптуу кызматтташуунун тереңдешине өзгөчө маани берип, мындан ары да Биримдик мейкиндигинде интеграциялык процесстердин кийинки өнүгүүсүнө салым кошоруна ишендирип кетким келет», — деп белгилеген Садыр Жапаров.
Президент өткөн жылы бардыгы дүйнө үчүн күтүүсүз болгон коронавирус пандемиясына туш болуп, анын кесепеттери бардык коомчулуктун социалдык-экономикалык жашоо көндүмүнө өчпөс так калтырып жана экономикалык активдүүлүктүн төмөндөшүнө алып келгенине токтолду. Бирок, кубаныч менен белгилей кетүүчү нерсе Биримдиктин бардык өлкөлөрү ынтымактуу реакция кылып жана гуманитардык жардам берүү, «жашыл коридор» уюштуруу, санариптик тармакка өтүү жаатында бири-бирине мүмкүн болгон максималдуу колдоону көрсөтүшкөн.
«Быйыл биздин Биримдикке киргенибизге 8 жыл болду жана биз бул убакыт аралыгында көп нерседен өтүп, көп нерсеге жетиштик. Тилекке каршы, коронавирус пандемиясы Кыргыз Республикасынын эле эмес Биримдиктин башка өлкөлөрүнүн да макроэкономикалык келечегин алсыратты. Экономикалык активдүүлүктүн төмөндөөсүнө, экономикалык өсүштүн жана өлкөлөрүбүздүн ортосундагы өз ара соода ыргагынын басаңдашына алып келди. Биз өлкө экономикасынын пандемияга чейинки деңгээлине 2023-жылы келет деп божомолдоп жатабыз. 2021-жылы ИДПнын реалдуу өсүшү экономикалык активдүүлүктүн калыбына келгенине жараша 3,8 пайызды түзөт. (202-22) 0-23-жылдары ИДПнын орточо эсеп менен 4,4 пайызга чейин өсөрү божомолдонууда, — деп билдирген Президент.
Бул прогноздор медициналык вакциналардын жайылышы менен коронавирус инфекциясын жуктурган жаңы учурлардын кыскарышын, саясий туруктуулукту кармоону жана тышкы суроо-талапка ылайык соода шарттарынын жакшырышын талап кылат.
Садыр Жапаров бүгүнкү күндө Биримдиктин бардык мүчө-мамлекеттери үчүн өтө маанилүү болуп келаткан маселелерге көңүл бурган. Негизинен:
— коронавирус инфекциясынын мындан аркы жайылышына жол бербөө боюнча макулдашылган жолдору. Таасирлүү багыттардын бири катары учурдагы өнүктүрүү институттары менен биргеликте ЕАЭБ өлкөлөрүндө вакцина өндүрүүнү каржылоо мүмкүндүгүн карап чыгуу;
— Евразиялык экономикалык интеграциянын 2025-жылга чейинки өнүктүрүү стратегиялык багыттарын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планын этаптуу жана сапаттуу аткарууну улантуу зарылдыгы. Бул аракеттер бизге товарлардын, кызматтардын, капиталдын жана жумушчу күчтүн жалпы рыногун калыптандырууга; ЕАЭБдин жалпы рыногун жөнгө салуунун натыйжалуулугун жогорулатууга; бажыдагы жөнгө салууну жана администрлөөнү азыркыга караганда сапаттуу жогорку деңгээлге чыгарууга, ошондой эле Биримдиктин санариптик мейкиндигин калыптандырууга мүмкүндүк берет;
— Экономиканын приоритеттүү тармактарын өнүктүрүү боюнча биргелешкен максаттуу өнүгүү программаларын иштеп чыгуу. Максаттуу программаларды иштеп чыгуу Евразия өнүктүрүү банкы, Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду, ошондой эле башка эл аралык финансы институттары тарабынан экономика тармактарын колдоонун универсалдуу жана ийкемдүү инструменттерин түзүү менен байланышта болушу керек.
Мамлекет башчысы Биримдик иштеген мезгил аралыгында жалпы рынокту түзүүгө жана евразиялык интеграцияны тереңдетүүгө багытталган максаттарга жетишилгенин белгиледи. Мындай жетишкендиктерге пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашууга кол коюлушун, «Чек арасыз жумуш» жана «COVID жок саякаттоо» долбоорлорун ишке киргизүүнү, ошондой эле «ЕАЭБдин 2025-жылга чейинки өндүрүштүк саясатынын негизги багыттары» документинин кабыл алынышын кошсо болот. Бул документ аркасында өндүрүштүк кызматташтыктын негизги приоритеттери дүйнөдөгү өндүрүштүк өнөр жайдагы стандарт жана өзгөргөн тенденцияларды эске алуу менен жаңыртылып жана өзгөртүлүп түздөлдү.
Жапаров Биримдикке мүчө-мамлекеттердин ар биринин потенциалын жогорулатуу, өндүрүштүк чынжырчаны түзүү жана экспорттук потенциалды өстүрүү зарылдыгын баса белгилеген.
.Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg