www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын эл аралык акча которуулар системасынын реестринде Kanberry PTY деп аталган жаңы акча которуу системасы катталды.
Улуттук банктын билдиришинче, жаңы оператор мекеменин каттоо жол-жобосунан 25-декабрда өткөн.
Маалыматка ылайык, Kanberry PTY акча которуу системасынын баш кеңсеси Австралияда жайгашкан.
Учурда “Кыргызстандын эл аралык акча которуу системаларынын реестринде” 17 компания каттоодо турат. 2023-жылы реестрге Kanberry PTY компаниясынан тышкары дагы үч орусиялык оператор кошулган.
Улуттук банктын маалыматында, 2023-жылы Кыргызстанда эл аралык акча которуулар системалары аркылуу 165 млрд сомдон ашуун акча которулган. Бул былтыркы көрсөткүчкө караганда дээрлик 40% аз. Анын ичинен 125,5 млрд сом Кыргызстанга которулса, 39,8 млрд сом сыртка чыккан. Акча которуулар системаларынын ичинен кардарлар тарабынан эң көп колдонулганы “Золотая Корона” жана “Юнистрим” операторлору болууда.
Булак: NazarNews.kg