www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Египет менен Катар Газа тилкесиндеги барымтадагыларды бошотууну жана Хамас менен Израилдин ортосунда 20 күндүк ок атышууну токтотууну демилгеледи. Бул тууралуу "Al Hadath" телеканалы билдирди.

Арачылар тарабынан түзүлгөн сунуштар арасында Израилдин түрмөлөрүндө кармалып турган белгилүү бир сандагы палестиналыктын ордуна Газадагы жарандарды барымтадан бошотуу жана 20 күндүк элдешүү да камтылганы айтылууда.

Телеканал булактарынын айтымында, Хамастын Газа тилкесиндеги лидери Яхья Синвар Египет-Катар демилгесин карап жатат.

Акыркы убакка чейин ХАМАСтын лидерлери кыймылдын позициясын билдирип келишкен. Бул Израил аскерлери Газадагы салгылашууну толук токтотмоюнча барымтадагыларды алмаштыруу боюнча ар кандай сүйлөшүүлөрдү четке кагуу менен байланыштуу.

Белгилей кетсек, буга чейин Хамас Израилдин барымтадагыларды бошотуу үчүн бир жумалык элдешүү сунушун четке каккан. Египет өкмөтү Израил менен Хамаска Газа тилкесиндеги жаңжалды жөнгө салуу боюнча үч баскычтуу планды сунуштады. Израилдик тарап Египет сунуш кылган пландын биринчи этабын ишке ашыруу мумкунчулугун жокко чыгарбай тургандыгын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости