www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ орбитага аскердик X-37 космопланын учурду

АКШ космоско X-37B жашыруун аскердик космопланынын жетинчисин учурганын 29-декабрда «Америка добушу» радиосу билдирди. Флорида штатындагы Канаверал тумшугунан учурулган бул космоплан Илон Масктын SpaceX компаниясынын эң оор класстагы, буга чейинки миссиялардан айырмаланып жогорураак орбитага жеткире алчу Falcon Heavy ракетасынын жардамы менен учурулган алгачкы автоматтык аппарат болуп калды.

Буга чейинки беш жолу автоматтык аппаратты учуруу үчүн Boeing жана Lockheed Martin компанияларынын United Launch Alliance биргелешкен ишканасы өндүргөн Atlas V ракета алып жүрүүчүсү колдонулуп келген.

Ал эми алтынчысын 2020-жылдын май айында SpaceX компаниясынын Falcon 9 ракета алып жүрүүчүсү учурган.

Бүгүнкү космостук кеме аба ырайынан жана айрым техникалык көйгөйлөрдөн улам белгиленген убакыттан эки аптадан кийин гана учурулду.

Жакында Кытай да космоско 2020-жылдан бери үчүнчү жолу өзүнүн "Шенлун" автоматтык космопланын учурган.

АКШнын буга чейинки космопланы орбитада эки жылдан ашуун убакыт болуп, Жерге былтыр ноябрда кайтып келген. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости