www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда туулуп, бирок бир канча жылдан бери Лондондо жашап жаткан 35 жаштагы Надира Мюррей (Алиева) өзүнүн алгачкы тасмасын тартып бүттү. Ал британ кинематографиясынын стандарттарына толук жооп берет.

«Locked in» («Камалган») деп аталган тасмадагы окуя чыныгы жашоодон алынган. Анда Өзбекстанда нааразылык акциясына катышып, андан соң Улуу Британияга барып башкалка сураган жубайлар Самира менен Назимдын баштарынан өткөргөн окуясы баяндалат.

«Бирок британ бийлиги алардын мындай өтүнүчүн канааттандырбай, түйгөйлөрдү кайрадан Өзбекстанга депортациялоо чечимин кабыл алат. Анан алар өлкөдөн чыгарылышы керек болгон адамдар кармалчу атайын жайга камалышат», – деп билдирди тасманын продюсери, сценарийинин автору жана режиссерлорунун бири Надира Мюррей.

Тасма Улуу Британиядагы чыныгы түрмөлөрдүн биринде тартылып, ага 18ден ашык британ актеру катышкан. Мюррейдин айтымында, акыркы кездери Улуу Британияда бозгундарга карата терс мамиле калыптанып, көптөгөн качкындарды күчтөп депортация кылган учурлар байкалууда.

«Качкындардын көйгөйүн, абалын жакшы түшүнгөндүктөн улам ушул тасманы жаратууну чечтим. Максатым – бир аз болсо да социалдык пикирлерге таасир этүү», – деди Мюррей.

Учурда тасманын бетачарын өткөрүү үчүн фестивалдардын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Надира Мюррей (Алиева) Улуу Британиянын Өзбекстандагы мурдагы элчиси жана «Самарканддагы адам өлтүрүү» китебинин автору Крейг Мюррейдин жубайы.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости