www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чагылгандын «каардуу» мүнөзүнөн башка табышмактуу сырлары көп. Алсак, кандайдыр бир адамга болгон ашыкча «арзуусу» менен да таң калтырып келет. 1950-жылы «Фейд» журналында төмөндөгүдөй баян жарык көргөн. Бир адам 1899-жылы Торонто шаарында (Италия) өз короосунан чагылган тийип өлөт. Туура 30 жыл өткөндөн кийин так эле ошол жерден ал адамдын баласы чагылгандын курманы болот. А 1949-жылдын 8-октябрында чагылгандык кезектеги сапары биринчи адамдын небереси, экинчисинин баласына туш келет. «Ата жолун жолдогон» ал адам да чагылгандан ажал табат.
Ошол эле журналда майор Саммерфорддун тарыхы жазылган. Ал 1918-жылы чагылган тийип, аттан учуп түшүп, денесинин ылдыйкы бөлүгү кыймылдабай калган. Майыптыгынан улам армиядан кетип, Ванкуверге барат. 1924-жылы чагылгандын дагы бир сокуусуна туш болот да, бу жолу денесинин оң жагы кыймылдабай калат. Эки жылда майор жакшы болуп, акырындап тиричиликке кошула баштайт. Бирок, 1930-жылы «ашык болгон» чагылган аны издеп таап үчүнчү жолу «кездешүүгө чыгат». Бул жолкусунда аны толук кыймылдан алат. Эки жылдан кийин каза болгон майордун тарыхында бул окуялар таң каларлык кокустук катары кала берет эле. Бирок... 1934-жылы Ванкувердеги көрүстөнгө чагылган түшөт. Чагылгандын соккусу Саммерворддун мүрзөсүнө тийип, аны талкалап кеткен. Ал эми Жапонияда тоого чыккан жаш натуралисттер катуу жаанда калып, коопсуздук үчүн альпинисттердей арканга тизилип алышкан. Ошол маалда аларга чагылган тийген. Эң кызыгы, бир арканда тизиле жетелешкен балдардын биринчи, үчүнчү, бешинчиси чагылгандын курманы болгон. Калган жуп катарда тургандарга эч кандай зыян келген эмес.
Кадимки чагылган чейрек секундага созулат.
• Чагылган 10-40 миң ампер ток күчүн алып жүрөт да болжол менен секундасына 56 000 км жол басып өтөт. • Бардык заряддардай эле каршылыгы төмөн жолду тандайт. Ошондуктан, бир түшкөн жерге бир нече жолу кайра түшкөн учурлар көп кездешет. • Статистикалык маалыматтарга караганда, дүйнөдө ар бир мүнөт сайын 6000 чагылган түшүп турат. Ал эми бул жалпы чагылгандардын 20 % ын гана түзөт. Калган 80% ы булуттар арасында болуп турат. • Чагылгандын орточо узундугу 9,5 км болот. • Чагылгандын температурасы 30 000 градус Цельсийге жетет. Бул Күндүн кыртышынын температурасынан 5 эсе ысык. • Айрым эсептөөлөргө караганда, ар жылы Россияда 550 адам, АКШда 200 адам чагылгандын курмандыгы болот. • Чагылган тийгендердин болжол менен 50% ы курман болот. • Статистикалык маалыматтарга караганда, чагылганга кабылган эркектердин саны аялдарыкына караганда 6 эсе көп болот. Мунун себеби эркектердин ачык асман алдында көп жүргөндүгү менен аныкталат. • Чагылган Венера, Сатурн, Уран жана Юпитерде да байкалат. • Кумга түшкөн чагылган кумду эритип, айнек түтүкчөлөрүн пайда кылат. • Орустардын ишеними боюнча жамгыр жаап жатканда уйдун жанында турбаш керек. Себеби, ал жерден чагылганга кабылуу мүмкүнчүлүгү чоң. Көптөгөн уйчулардын чагылгандан өлгөндүгү мунун далили катары эсептешкен. Статистикалык маалыматтарга караганда Францияда ар жылы миллион жолу чагылган түшөт жана андан бир нече ондогон адам, 10 миңге жакын уй өлөт. • Чагылгандардын дагы бир табышмагы – нерселерди тандап алгандыгы. Мисалы, сырткы кийимине тийбей, ич кийимин күйгүзгөнү, капчыктагы тыйындарды эритип, жабыштырып, алар менен кошо болгон кагаз акчаларга зыян келтирбеген учурлар көп катталат.
Кызыктуу маалымат интеренттен алынды;
Булак: NazarNews.kg