www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүйдө курал менен ок чыгарган, коомдук тартипти бузган шектүүлөр аныкталды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
16-июнда социалдык тармактарда Hyundai Sonata унаасынын жүргүнчүсү ок атуучу куралды көрсөтүп, абага ок чыгарган видео тараган.
Аталган факты боюнча унаа Бишкек шаарындагы Чолпон-Ата көчөсүнөн токтотулуп, андан ары Чүй ОИИБге жеткирилген. Бул окуя катталып, алдын ала териштирүү иштери башталган.
Алгачкы иликтөөлөрдүн жүрүшүндө, унаа 1998-жылы туулган жаранга таандык экени жана ал унааны ижарага берип жүргөнү аныкталган. Жыйынтыгында унаанын ижарачысы жана окуяга катышкан бардык адамдар аныкталды. Алар 2008-жылы туулган жашы жете элек 3 жигит экени аныкталган. Тергөө аракеттерин жүргүзүү үчүн алар Ысык-Көл облусунан жеткирилген.
Аныкталгандай, 7-июнь күнү кечинде өспүрүмдөрдүн бири унааны ижарага алган. Ал эми 8-июнга караган күнү болжол менен саат 03:00 чамасында Ак-Жол май куюучу бекеттин жанынан өтүп бара жатып, унаанын жүргүнчүсү терезеден башын чыгарып, пневматикалык тапанча менен абага эки ирет ок чыгарган. Өспүрүмдөр мындай аракет менен социалдык тармактарга таасирдүү сүрөт жана видеоматериалдарды жарыялоо максатында ижарага алышканын билдиришкен.
Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Blowback PM49 үлгүсүндөгү пневматикалык тапанча жана ок-дарылар алынган. Учурда баллистикалык экспертиза дайындалды. Тергөөнүн жыйынтыгы менен кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечими чыгарылып, материалдар Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексине ылайык жоопкерчиликти кароо үчүн Коомдук коопсуздук кызматына жиберилди.