www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кыргызстанга тынчтык керек. Бир ууч атка минердин кызыкчылыгы деп кыргыз эли 2010-жылда эмнеге жетти. Керек болсо, Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Алмазбек Атамбаев баары биригип, өлкөнү саздан чыгарыш керек. Коюн-колтукта журө берген шүмшүктөрдү жолго салалы. Кыргызда макал бар, “алдыда жүрсөн көз тийет, артта жүрсөң сөз” тиет деген. Минтип бар менен жоктун ортосунда жүрүп олтурсак, талпагыбыз ташка жайылат. Кырсык болсо жыл башынан каптап, элибиз агрессивдүү болуп бара жатат”, - деген пикирин билдирди Урматбек Акунов.

“Урматтуу Алмаз Шаршенович, бийлик өкүлдөрү! Эми Кыргызстандын келечегин, тынчтыгын тилеп башыңарды бириктирип 41 жерге түлөө өткөрөлү. Кыргыздын ата-бабасы башына оор түшкөндө түлөө өткөргөн, кан чыгарган. Ар кимиңер жашырынып Чеч-Дөбөгө барып ырым-жырым кыла бербестен ачык барып, эл-журттун ырыскысын тилейли. Болбосо, “Кыргыз тилектештиги” долбоорунун жетекчиси Эльнура Кулуева менен Дана Абдыбековага сураналыбы? Эске салып, акыл калчагыла, жаңырган жыл бизге жакшы жышаан менен келген жок, кырсыктын артынан кырсык келе жатат. Келгиле бири-бирибизди душман санабай, Атамбаевди аңдып олтура бербей түлөө өткөрүп, биримдикке келели”, - дейт Урматбек Акунов.

Эске сала кетсек, Урматбек Акунов, Нарын облусундагы “Теңир тоо” жаштар коомунун төрагасы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости