www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ жакында Садыр Жапаровдун боштондугун талап кылып УКМКга барган элдин арасына кирип, милицияга карата таш ыргытып, түртүшкөндөр Мээрбек Мискенбаевдин уюштурган балдары болгонбу?  Бул тууралуу такталбаган маалыматты өзүнүн атын атагысы келбеген жарандар билдирди.

Мындай түшүнбөгөн түртүшүүдөн улам милиция асманга ок атып, чогулгандарды таратышкан. 105 адамды күч менен салып кетип, анын 64үн убактылуу кармоочу жайга 5 суткага, 12 адамга оор кылмыш козго 2 айга СИЗОго камап, 12 адамды айып пул менен бошоткон.

Булардын арасында жаш балдар, кыздар жана 70 жаштан өткөн улгайган энелер бар. Таш ыргыткандар тополоңдон кийин элдерди кармап, милицияга жардам берип жүргөн. Алар окшош, жеңи жок кемселдерди кийип алганы байкалган. Айрымдары чогуу эл менен кармалып 1-май райондук сотунан бошотулган.

Эскерте кетсек, жакында Мээрбек Мискенбаев өзү оппозиция элди чыгарса, аларга каршы эл чыгара турганын жар салган.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости