www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу окурмандар сиздердин алдыңыздарга “NazarNews.kg”маалымат сайты буга чейин дагы уурдалган жана плагиатор ырчыларды ачыкка чыгарып келгенбиз. Мындан ары да “Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар...” аттуу рубрикабызды тартуулай бермекчибиз. Бул рубрикадан сиздер кыргыз ырчыларынын чет элдик ырчылардын ырларын уурдап же плагиаттык кылып ырларды аткарып жүргөндөрүн жарыя кылабыз.

Кыргыз шоу-бизнесинде ырчылар көбөйдү. Бул жакшы нерсе. Бирок алардын арасында таланты бар таанышы жоктор четке сүрүлүп калып кетсе, кээ бир үнүн уксак коркуп кете турган ырчылар, компьютердин жардамы менен жылдыз болуп жүргөндөр да жок эмес.

Акыркы жылдары коёндой окшош ырлар көп жарала баштады. Бирок, азыр ырчысы, аранжировщиги деле ильхомго карап, эмгектенбей эле даяр ырларды уурдап, хит кылып, авторлору менен иши жок которуп ырдап жүргөндөр көбөйдү. Канткен күндө да айрым ырчылар музыкалык форма, натуралдык үндүн жана музыкалык акустиканын эрежелерин сактап жүрүшсө жакшы болмок.

Бүгүнкү биздин каарманыбыз КРнын Эмгек Сиңирген артисти Самара Каримова жана анын репертуарындагы “До ре” аттуу ыры тууралуу болмокчу. Репертуарында көпчүлүк жай ыргактагы ырларды аткарып жүргөн ырчы айым мындан эки жыл мурун бул ырды жарыкка чыгарып, клип да тарткан. Бүгүнкү күндө да тойлордо элди бийлетип жүргөн Самара бул ырдын үстүнөн көпкө иштеген. Бирок, ыр Самарага эмес, казак элинин таланттуу композитору жана ырчысы Роза Алкожага таандык. Эң алгачкылардан болуп төрт жыл мурун автор “До ре ми” аталышында аткарып чыгып, ырдын клиби интернет желесинде 1,5 млн көрүүчү топтогон.

Бир эле эки ырдын ырчы айымдары бир стилде ырдагандары болбосо, клиптери эки башка сценарий менен тартып изденишкен. Ал эми андан аркы жагын сиздерге коелу...

Төмөндө ырдын төрт варианты тең бар. Ырларды угуп, өз бааңыздарды бериңиздер окурмандар!

 

Кыргызча:

https://www.youtube.com/watch?v=fplfU9w2lJ8

Казактардыкы:

https://www.youtube.com/watch?v=e5QOGIeniPk

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости