www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Молдованын азыркы өкмөтү бийликти өз колунда кармап калуу үчүн эң айласыз чараларды көрүүгө даяр. Бул тууралуу өлкөнүн мурдагы президенти Игорь Додон журналисттер менен болгон брифингде билдирди.
Анын айтымында, өлкөнүн азыркы лидери Майя Сандунун администрациясы жогото турган эч нерсеси жок жана ал тургай өз максаттарына жетүү үчүн согуштук аракеттердин башталышына жол бериши мүмкүн.
Мурдагы мамлекет башчысы мындай өкмөт менен "тобокелдиктер өтө жогору" деп баса белгиледи.
“Менин оюмча, Майя Санду жана анын командасы кийинки шайлоолордо утулуп калаарын түшүнүшөт. Ал эми бул адамдар бийликте калуу үчүн үйдү өрттөөгө, каалаган согушту баштоого даяр”, - деп түшүндүрдү Додон Молдованын коопсуздугуна коркунуч бар деген суроого жооп берип жатып.
Ал ошол эле учурда республиканын жарандарында корко турган эч нерсе жок экенин кошумчалады.
“Эгемендүү мамлекет болуп, бейтарап статусун сактап турганда өлкөдөгү кырдаал тынч болот”,-деп жыйынтыктады экс-президент.
Сентябрдын башында НАТОнун Европалык өнүктүрүү комитетинин башчысы Гюнтер Фехлингер Молдова бийлигин бейтараптуулуктан баш тартууга чакырган. Мындан тышкары, ал Кишиневго Түндүк Атлантика альянсына кирүүгө кеңеш берди.
Булак: NazarNews.kg