www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«24.kg» агенттиги бейшемби жана жума күндөрү «Вечерний Бишкек» тууралуу «Адилет» укуктук клиникасынын материалдарын жарыялады. Басма үй 2015-жылы рейдерлик жол менен басып алынган, 2017-жылы бийлик алмашкандан кийин ал мыйзамсыз сот өкүмдөрүнүн баары жокко чыгарылса да, «Вечёрканын» чыныгы ээси Александр Ким 3 жылдан бери аны кайра колуна ала албай келет.

«Жаңы агым» гезитинин мурдагы башкы редактору Аскер Сакыбаева ишемби күнү – эмне үчүн иш бүтпөй жатканын жазып чыкты. Анткени «Вечёрканы» басып алууга катышкан кээ бир жогорку кызматтагы адамдар ошол эле кызматында отурат, айрымдары андан да бийик кабинеттерге жогорулады.

Шерменде өкүм чыгарган соттор дагы мурдагыдай эле сот бойдон калып иштеп жатат, ошондуктан эмне өзгөрмөк эле?

Расмий түрдө «Вечёрканы» Александр Кимден Александр Рябушкин тартып алган жана 2018-жылдын күзүндө Рябушкиндин өзүнө каршы кылмыш иши ачылганда, «Адилет» укуктук клиникасынын директору Чолпон Жакупова – Рябушкин менен анын жубайы жөн гана аткаруучулар, рейдерликти ишке ашырган чыныгы адамдар президент Алмаз Атамбаевдин учурунда Ак үйдө отургандар болчу деп билдирген: «Анткени биздин система ушундай түзүлгөн – соттор менен тартип коргоо органдары өтө саясатташкан жана, орой айтканда, алар Ак үйдө отурган адамдарга көз каранды.

Рябушкин менен анын жубайы – эч нерсеге жарабаган, колунан эч нерсе келбеген адамдар, сотторду бир нерсе кылдырууга алардын күчү жетпейт болчу. Алар жөн гана аткаруучу, кол бала болгон». Атамбаев жана Фарид Ниязовдун көзөмөлү астында чыгарылган сот чечимдери жокко чыгарылганы менен, баары бир адилеттүүлүк орнобой келатканынын себептеринин бирин Сакыбаева – «Вечёрканын» мүлкү менен акчасы Жээнбековдун учурунда президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Алмамбет Салиевге жагып калганы менен түшүндүрөт.

Бул Салиев – «Акнет» компаниясын басып алуу иштерине да катышкан. «Бул жерде уюшкан кылмыштуу топ иштеген, алар – погон тагынган тартип коргоо органдарынын кызматкерлери жана аларды бир борбордон кимдир бирөө башкарган.

Ар башка булактан белгилүү болгондой, алардын куратору – президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Алмамбет Салиев болгон», – деп билдирген октябрда укук илимдеринин доктору, профессор Кайрат Осмоналиев.

Президенттер менен премьерлер алмашканы менен, бийлик тепкичинин ортосунда күн көргөн министрлер, алардын орун басарлары, ал орун басарлардын орун басарлары, бөлүм башчылар менен дагы башкалар дагы эле ордунда отурат, айрымдар болсо дагы өйдө жогорулады. «Вечёрка» менен «Акнеттин» миллиондорун бөлүп алууга ошолор да катышкан жана ал акчаны кайтармак турусун, аны алганын да алар моюнга, албетте, албайт.

Шермеделиктин өзгөчө түрүнө ар башка деңгээлдеги соттор да барган – алар дагы өйдө жактан келген буйрукту аткарган, бирок Фарид Ниязов же Алмамбет Салиевден айырмаланып, алар кызматка киришип жактанда – мыйзам боюнча гана иштейм деп ант берген. Былык чечимдерин алар Кыргыз Республикасынын атынан токуган, бирок бир дагы андай анткор сот эмгиче эч кантип жазаланган жок жана жазаланаары күмөн.

«Вечёрканы» басып алуу Биринчи май райондук соту аркылуу ишке ашырылган жана «Адилет» клиникасы жазганга караганда, ошол эле Биринчи май соту жакында, 1-декабрда, Рябушкиндин сегизинчи тосмо арызын кабыл алып, аны сегизинчи жолу Жогорку сотко жолдоду. Жогорку сот аны карабайт, анткени мурда эле андай арыздарды кароону токтоткон, бирок жасалма арыздарды кабыл алуу менен убакыт жасалма түрдө создуктурулууда.

Азыркы жаңы жетекчилер – мурдагы сот чечимдерин бир күндө жокко чыгарып, ошол эле күнү бийликке келген, ошондуктан «Вечёрка» менен «Акнеттин» сот иштерине да көңүл буруп койсо. Ал чечимдер – башынан аягына чейин коррупциялашкан бийлик тарабынан кабыл алдырылган, ошондуктан бул иштерде адилеттүүлүк орносо, эл арасындагы жаңы бийликке болгон ишеним бир кыйла жогоруламак.

Сол жагында – адилеттүүлүк, оң жагында – мыйзам бузуулук болгону жакшы эмес го. Кеп ошондо.

Нарын Айып

Булак: NazarNews.kg

Последние новости