Соттун бул чечими бизнес-борбордун 200дөн ашык ижарачысынын келишимин жокко чыгарган. Ижарачылар “Эми бизди ким багат?”, “Ким насыяларыбызды төлөйт”, “Үй-бүлөбүзгө ким кам көрөт?” деп сарсанаа болушууда. Алар пандемия учурунда экономикалык, материалдык жактан эле эмес, жакындарынан айрылгандыгына байланыштуу, моралдык жактан да жабыркагандарын билдиришти.
“Соттор кимдир бирөөнүн тапшырмасын аткарып жаткан өңдүү. Алардын акыйкаттуулугу кайда? Сотту бизнес-борбор ай сайын мамлекетке 2 миллион өлчөмүндө салык төлөөрүнө көңүл бурган жок. Канчалаган дарыгер, мугалимдерди бул акча менен камсыздоого болот? Эмнеге түрк тараптын кызыкчылыгы биздикинен маанилүү болушу керек? Эмнеге алардын ички көйгөйү бизге залакасын тийгизиши керек? Эң башкысы эмнеге 4-сентябрдагы түрк элчисинин спикер менен болгон жолугушуусунан кийин дароо эле “Вефага” бөгөт коюу чечими чыкты? Сот эмне үчүн төрт жылдан бери бөгөт койбой, эми гана ушундай чечим чыгарды? Деген суроолор көп бирок, жооп жок”,- деп жазылат кайрылууда.
Айласы кеткен ижарачылар сот чечим чыгарардан мурда анын адамдарга тийген залакасы тууралуу ойлонушу керектигин баса белгилешет.
“Кыргыздардын укугун ким коргойт? Биз митинг жарыялагандан сырткары эл аралык сотторго кайрылууга да мажбурбуз. Сабырыбыз түгөндү”,- деп билдиришет ижарачылар.
Алар буга кошумча өлкө башчыга дагы укуктарын коргоо өтүнүчү менен кайрылууга мажбур болушканын кошумчалашты.
Эске салсак, буга чейин эки сот жыйынтыгы түрк тараптын доолорун негизгиз деген чечим чыгарган. Бирок, Жогорку сот аны кайрадан кароого эки жолу тең жиберген.
Бул окуяда түрк элчиси Женгиз Камил Фыраттын кыргыз сотторуна таасир эткени айтылып келет. Ушул жылдын жаз айында да түрк тарап “Вефанын” имаратына бөгөт коюуну суранып, сот каршы чечим чыгарган эле. Эми минтип бөгөт коюп эле тим болбостон, ижарага берүүгө да тыюу салган чечимди чыгарып отурат.
Булак: kabarlar