www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча Жогорку кеңештин комитети кечээ күнү Өбекстан менен чек араны делимитациялоо боюнча келишим долбоорун жактырды. Алты депутат макул болсо, комитеттин төрт мүчөсү каршы добуш берген, анткени купуя сыр деген шылтоо менен даярдалган кагаздар менен карталар эч кимге көрсөтүлгөн эмес.

Бийликтин айтымында, Кемпир-Абад суу сактагычы алдындагы 4 миң 485 гектар жер Өзбекстанга өтөт, Кыргызстан болсо анын ордуна башка жерлерде 19 миң 699 гектар алат, бирок кагаздар көрсөтүлбөгөндүктөн, аны азырынча текшере албайсың. Суу сактагыч мындан 40 жыл мурда Кыргызстандын аймагында, бирок чек аранын түбүндө курулган, ошондуктан анын суусун, негизинен, Өзбекстан пайдаланып келген.

Өзбекстан жана Тажикстан менен чек ара сүйлөшүүлөрү башталганда, кыргыз бийлиги эмне болуп жатканын жана эмне пладалганын элге ачык айтып турган, аны кошуна мамлекеттердин бийлиги сындап келген. Эми биздин бийлик көп нерсени жашырып калды жана Үзөнгү-Кууш боюнча Кытай менен жана Каркыра боюнча Казакстан менен дагы келишимдер ушинтип түзүлгөн.

Последние новости