www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Буга чейин маалымат каражаттарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү делген Казак каймана аты менен белгилүү кылмышка шектүү жарандын милиция мекемесинде ыйлап отурган видеосу тараган. Видеодо анын ыйлап, сүйлөп жатканын көрүүгө болот.
Бул видеону көргөндөн кийин “Казактын акыл-эси ордундабы?” деген суроо туулат экен.
Белгилүү болгондой буга чейин Казакка психологиялык экспертиза дайындалып, натыйжада анын акыл-эси ордунда деген жыйынтык чыккан. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине Ош ИИБинен Замир Сыдыков билдирди.
Ош ИИБнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда видеодо кармалган күнү Казак мас болгон. Аны менен сүйлөшүү үчүн адвокаты чакыртылган.
Ал эми бул видео милиция кызматкери тарабынан тартылып, башка бирөөлөр интернетке таратып жиберишкен. Учурда ал кызматкерге карата тиешелүү чаралар көрүлгөндүгү маалым болду.
Эскерте кетсек, Ош шаарынын мурдагы мэри Айтмамат Кадырбаевдин иниси Улан Раимбеков ур-токмокко алынып, ооруканага түшкөн.
Аны сабоого кылмыштуу топтун "Казак" каймана аты менен таанымал мүчөсүнүн тиешеси бар-жогу такталып жатат", — деди Сыдыков.
"Казак" аттуу шектүү буга чейин бир канча ирет уурулук жана каракчылык беренелери боюнча соттолуп чыккан. 2019-жылдын октябрь айында жашы жете элек 16 жашар кызды зордуктаган деп айыпталган.
Ага чейин Оштогу кафелердин биринде 23 жаштагы жигитке бычак саюуга шектелип кармалган.
Төмөнкү видеодо сөгүнгөн сөздөр бар.
Булак:Nazarnews.kg