www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 15-декабрда парламентте "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" сунушталган мыйзамдын долбоору каралууда. Бул маселе боюнча Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев үй-бүлөдөгү зомбулуктун келип чыгуу себептери жөнүндө суроо узаткан.

Кыргызстанда үй-бүлө мүчөлөрүнө зомбулук көрсөткөндөрдүн көбү мас абалында болгон. Бул туурасында парламенттин жыйынында ички иштер министринин орун басары Памир Асанов билдирди.

"Зомбулукка үй-бүлөлүк шарт, өз ара түшүнбөстүк, пикир келишпестиктен чыккан жаңжал себеп болууда. Ошондой эле мас абалында зомбулук көрсөткөндөрдүн саны арбын, мисалы, 2019-жылы 4272 факты катталды. Жалпы жонунан 8159 арыз түшүп, анын ичинен 554ү сотко жөнөтүлгөн. Ал эми 7045 иш тосмо арыздын негизинде кыскартылган", — деди Асанов.

 

 Булак:NazarNews.kg

Последние новости