www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Түштүк Африканын Уганда мамлекетинде имам Мухаммад Мутуба Шабулла Набукира аттуу кызга үйлөнгөн. Эки жума өткөндөн кийин келини Ричард Тумушабе деген алдамчы эркек киши болуп чыккан. Бул тууралуу угандалык маалымат булактар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Мутумба аял кийимин кийген алдамчы менен өткөн жылдын аягында мечиттен танышкан. Үйлөнөрдүн алдында имам “келиндин” айылда жашаган эжесине барып калың катары эки мүшөк кант, эки эчки, кийим жана Корона экземплярын берген.

Нике кыйылгандан кийин “Набукари” эки жума бою ар кандай шылтоолорду айтып,  күйөсү менен жыныстык катнашка барууда баш тартып келген. Ал эми, ал эркек экенин жашыруу үчүн үнүн жасап сүйлөп, хиджаб кийип, аялдар боёно турган боёкторду бетине колдонгон.

“Имамдын аялынын” калпы уурулукка шектелип жатканда билинип калган. Тумушабе түнү кошунасыныкына кирип, ал жактан кийим, телевизор жана 300 миң угандалык шиллин(81 доллар) уурдаган. Кылмышкер кармалып, абака киргизилген. Ошондой эле ага алдамчылыкка жардам берген “эжеси” да кармалган. Ал Тумушабе менен бир жыл мурун таанышканын айткан.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости