www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2-февраль күнү Шакира өз туулган күнүн белгилеп, 40 жашка толду. Ырчы айымдын жашы паспорттогу штампында гана көрүнбөсө, өзүнүн келбети боюнча анын чыныгы жашы канчада экенин эч билбейсиң. Жаштыгынын сыры өзүнөн 10 жашка кичүү сүйүктүүсүнөн көз карандыбы же башкадабы аны бизге ырчы айым төмөндө кеңири айтып берет.
- Тери дени-сак жана жылтырап көрүнүү үчүн С жана Е витаминдери кошулган азыктарды көп пайдаланам. Макияжды тазалоо үчүн бетти кол менен эмес, атайын териге арналган щетка менен жууйм.
- Менин пикиримде, эң мыкты макияж ар бир кыз үчүн-күлкү. Сулуу күлкү адамга өзүнө болгон ишенимдүүлүктү тартуулайт. Ошондуктан, тишке мыкты кам көрүү кажет. Мен абдан көп күлөм. Көп учурда фотографтар мага күлбөй, таасирдүү жана сексуалдуу образ жаратып берүүмдү суранышат.
- Өзүмдү агрессивдүү күн нурларынан сактайм. Күндөн коргоочу бет майлардын ордуна балдарга арналган бет майларды пайдаланам.
- Самолётко учурда жөнөкөй суу ичип, туздуу азыктардан баш тартам.
- Макияж коюуда канчалык жөнөкөй болсо, ошончолук мыкты деген принципти карманам. Мага оозумду натуралдык түстөр менен боё жагат. Менин пикиримди азыр эң жакшынакай болуп жүрөм 10 жыл мурунку убакка караганда.
- Айрым нерселерге абдан чоң маани бербейм. Мисалы, мен СПА жана түрдүү бьюти процедураларынан баш тартам. Аларга көңүл бурууга убактым да жок.
- Мен тамак жегенди абдан жакшы көрөм. Ар дайым туура тамактанууга аракет кылам. Диета кармабайм. Таттууну абдан сүйөм. Шоколадды көп жейм.
- Ар дайым спорт менен алек болгонго аракеттенем. Ар бир күнү спорт менен машыгам. Бокс, бий, теннис менен машыгам. Айрым учурда тренажердук залдарга барып денемди чыңдайм.
- Чачыма кам көрүүдө абдан кымбат каражаттарды колдонбойм. Күнгө чыгууда чачка арналган коргоочу кондиционер пайдаланам. Жумасына эки ирет чачыма маска коём. Менин сулуулугумдун сырлары мына ушундай жөнөкөй нерселер менен чектелет.
Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg