www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Күйөсүң да, күлөсүң» дегендей бир киши бар. Өтө кызык киши. Саясий аренадан өңү өчө баштаганда улам бир боёк сүртүнүп чыга келет. Же ал «боёгу» чындыкка коошпой, кайрале өзүнө урулган муш болуп, айласы алты кетет. Каарманыбыз – айтылуу Турсунбек Акун. 15 жылдан ашуун Турсунбай Бкир уулу менен «абысын» болуп аброй таппаган соң ар кайсы жакка баш мала баштаган. Жөн жүрбөгөн кишини ким эле жактырсын. Акыры ушу тапта кызылдай бош, кылаарга иши жок каңгырап жүрү. Бирок кудай тилди берип койгон экен, саймедирейт, чиркиндики.

Маселен, Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетиши туурасында «чай муздаган соң» ар кайсынын башын айтып кирди. Анын айтканына келсек, Батукаевдин чыгып кетүүсүнө караманча тиешеси жок экен. Аны алдап коюшуптур. Эми бул жаш баланы «уктатууга» да жарабаган жомок да. Туке эле болсо ар кимдин тилине кирип, «Батукаев жакында өлөт экен» деп айта бергидей акылдан адашканбы?

Эгер маани бере турган болсок, ошол сөздү айтып чыккан кезде Акун көчөдөгү бирөө эмес, бакыйган акыйкатчы эмес беле. А тургай Жогорку Кеңештин атайын комиссиясы ишти иликтеп чыгып, Акунду кызматтан четтеткенде иш бөлмөсүнө ачкачылык жасап жатып алып концерт койбоду беле. Кылгылыкты кылып коюп, кайра кызмат учүн кыяматка да даяр адамдын образын жаратып. Аныгында акыйкатчы деген ишти анализдеп, анан кеп айтыш керек да. Ким бирөөнүн айтканы боюнча эле дөөрүй бере турган дай ал акыл-эстен ажыраган маңкурт эмес да. Ал эми актануусуна келе турган болсок, эмнеге ушул сөзүн өз учурунда айткан эмес. Балким чындыкты жана маалыматты жашыргандыгы учун укуктук баа берилиш керекти

Булак: Де-факто

Последние новости