www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews.kg маалымат агенттигинде конокто Кыргызстандын эң мыкты жаш аткаруучуларынын бири, тенор Жеңишбек Ысманов болду. Жеңишбек көп убакыттан бери чет жерде эмгектенип, өлкөбүзгө маданият тармагы аркылуу өзүнүн салымын кошуп жаткан кези. Жеңишбек мырза бизге берген маегинде кыргыз маданиятында болуп жаткан кризистер, дүйнөлүк жылдызга айлана алгандыгы, максаттары тууралуу кеңири кеп салып берди.
- Саламатсызбы, Жеңишбек мырза!? Алгач сиздин операга болгон кызыгууңуз тууралуу кеп салып берсеңиз?
- Саламатсыздарбы!? Менин алгачкы операга болгон кызыгуум “Luciano Pavarotti нин” “Rigoletto” операсынан "La donna e mobile" аттуу чыгармасын уккан күндөн башталган. Себеби, кичинекей кезимде опера ырчысы болом деп ойломок тургай түшүнчү да эмесмин. Мектепте окуп жүргөн кезде мугалимдер “Келечекте ким болгунар келет?” дешсе, “Летчик болом” дечүмүн. Мектепти бүткөндө “Летчик болом” деген ойдо Бишкек шаарына мени байкем алып келген. Бардык окуу жайларга барсак, бул кесипке ээ болуш үчүн 8-классты бүткөндө эле келиш керек экен. Ошентип, бала кезде кыялданган окуу жайга тапшыра албай калдым. Ал убакта мен гитарада мыкты ойноп, жакшы ырдачумун. Бир күнү балконго чыгып ырдап жатсам, ылдыйдан тааныш эмес жигиттер чакырып калышты. Аларга да ырдап берсем, “Сенин талантын бар экен. Филармонияда эки жылдык студия бар. Ошол жакка тапшырып көр да” деп айтып калышты. Барсам “Эртең экзамен. Ырдоо жагына орун жок. Ал эми баланын шыгы болсо, башка жагынан көрөбүз деп мени “Чопо чоор” бөлүмүнө алышкан. Ошол жакта окуп жүрүп менин ырдагым келип, бир күнү Кыргыз эл артисти Улукмырза Полотов агайга жолугуп, “Агай мени угуп көрбөйсүзбү? Сизден жеке сабак алгым келет” десем, “Макул. Сабактан кийин жолугалы” деди. Кубанып, толкунданып агайды күтуп олтурсам, агай кетип бара жатат. Артынан чуркап барып, суранып олтуруп класска кирдик. Мени уга баштады. Толкунданган жаным алгач нотаны алып, үнүмдү бийик алып болушунча берилип кыйкырсам, агай “Ай октава ниже ырда” деди. Мен ал кезде он алты жашта болчумун. Ырдап бүткөнүмдө “Сен жаш экенсиң. Көзөмөл менен окусаң баары жакшы болот” деп калды. Ошону менен агайдан жеке сабак ала баштадым. Бир күнү “Сенин европейский үнүң бар экен. Сенден опера ырчысы жакшы чыгат” деп калды. Эртеси мага бир касетаны берип, үйгө барып угуп келчи деди. Үйгө барып уксам, “Luciano Pavarottiнин” "La donna e mobile" аттуу чыгармасы экен. Уккандан кийин “Ырдоо деген ушундай болот” деп дароо операга бурулдум. Ага чейин мен негедир эстрада кызыга берчүмүн. Аны унутта калтырып койдум.
2001-жылы Консерваторияго тапшырганымда мени “Бул жигит тенор. Тенордо окуш керек” дешип Кыргыз эл артисти Керим Турапов агайыма бөлүшкөн. Агайым менен алгач жолуккан күнүм эсимден кетпейт. Ошондо “Тенорго эң биринчи көп распевки керек. Дем алууга көнүгүү жасаш керек” деп айткан. Ал убакта агайым Филармониянын директору болуп, убактысы абдан тар болчу. Ага карабастан мага алтындай болгон убактысын бөлүп, күнүгө сабак берчү. Опера ырчысына айланып калганыма эки улуу инсанга миң мертебе ыраазымын!
- Учурда Италияда эмгектенип жаткан кыргызстандык ийгиликтүү ырчысыз. Жашооңуз кызыктуубу?
- Италиядагы жашоом аябай кызыктуу десем жаңылбайм. Себеби, мен максат кылып келген жерде жашап, Европа театрларында келишим түзүп эмгектенип жаткан кезим. Келишим менен иштегенде кээде бир күнүң кандай өткөнүн байкабай каласың. Италия - операнын тамыры деп айтылат. Бул жакта окуп, билим алганым мага чоң таасир этти. Эң биринчи тили, бул жактын жашоо эрежеси, ар бир операнын өзөгүнө чейин терең изилдөө жүргүзүлгөнү аябай жагат. Мындан сырткары түшүмдө да көрбөгөн дүйнөлүк ырчылар менен жакындан таанышып, кээде бир сахнада кызматташам.
- Ал жакта ырчылардын арасында конкуренция күчпү?
- Конкуренция болуш керек. Себеби, ансыз өсүү да болбойт. Конкуренция болгон жерде сөзсүз түрдө талаптары да күчтүү болот эмеспи. Бул жакта баары мен айтып өткөндөй.
- Биздин чыгармачылык ашканабыз менен Италиянын чыгармачылык ашканасында кандай айырмачылыктар бар экен?
- Чыгармачылык ашканабыздын айырмасы аябай эле чоң. Бул жакта кайсыл гана кесип болбосун, максаттуу окушуп, ошол кесиби боюнча эмгектенишет. Бизде деле бул нерсе бар. Бирок, көбүнүн иштеген же окуган жери эки башка болуп чыгат. Ошондуктан, көп кыйынчылыктарды көрүп жатабыз. Ал эми маданият жагын салыштырсам, бизде да таланттуулар көп. Классика- республиканын жүзү. Андыктан, Өкмөт тарабынан аябай чоң колдоо, көзөмөлдөө керек. Азыркы Өкмөт менин пикиримде маданиятты унутуп эле калды го... Маданият гүлдөй эле. Гүлдү канчалык астын жумшартып, суу куюп турсаң аябай чоңоюп, өсуп бурдөйт эмеспи. Маданият да мына ошол гүл сыңары...
- Опера ырчысы бир күндө ырдаганга чейин унчукпай жүрөбү же...?
- Ммм... Абдан кызыктуу суроо (күлүп). Опера ырчысы болуу аябай оор жана татаал. Ырдаар күнү унчукпай жүргөндөр да бар деп чынында угуп калам. Бирок, жеке мен андай эмесмин.
- Опера ырчылары суевер болушабы? Алардын арасында ритуалдар барбы?
- Суевер болушат же болушпайт деп айта албайм. Себеби, ар бир пенденин өзүнө тиешелүү мүнөзү бар. Ал эми опера тармагын айтсам, ал жерде эң биринчиден Кудайдан берилген үн жана талант болушу керек. Талант 1%, эмгек 99 % дегенге кошулам.
- Он жылдан кийинки карьераңызды кандай элестетесиз?
- Алдыга койгон чоң максаттарым абдан көп. Кудай буюрса баары жакшы болот деген ойдомун. Эң башкысы туура жолдо жүрүү керек. Эртеңки күнүбүз эмне болуп кетээрин бүгүн билбейбиз да...
- Опера ырчыларына турмуш куруу оңой эмес экенин жакшы билебиз. Жеке жашооңузда ал-абалыңыз кандай?
- Турмуш өзү оңой эмес! Бир эле опера тармагына эмес, ар бир пендеге эле бирдей. Жеке жашоомдо баары жакшы. Азырынча үйлөнө элекмин. Себеби, түбөлүк жубайым боло турган кызга жоолуга элекмин. Алты жылдан бери Милан шаарында жашап бойдокчулук менен коштошуш керектигин жон терим менен сезип жатам.
Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg