www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Курган шаарында жергиликтүү автоунаа сатуучу дүкөндүн алдында ачык күзөтүлгөн унаа токтотуучу жайда он үч унаа өрттөнүп кетти. Өрттөгөн адам видеокамерага түшүп калган.Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышууда.

Маалыматка караганда, окуя 1-июнга караган түнү Курган шаарында болгон. Белгисиз бирөө унаа токтотуучу жайга канистра менен кирип, бир нече автоунааны өрттөп жиберген, андан кийин белгисиз тарапка качып кеткен. Натыйжада, соода компаниясына таандык он үч унаа өрттөнүп кеткен.

Алдын ала маалыматтар боюнча, келтирилген зыян 18 миллион рубльдан ашкан.

Кийинчерээк унааларды өрттөөгө шектелген адам жашаган жеринде кармалып, ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Кол салган адам Кетово айылынын бир нече жолу соттолгон жумушсуз тургуну болгон. Белгиленгендей, кармалган адам өзүнүн иш-аракетинин себебин так түшүндүрө алган жок.

Аталган факты "Мүлктү атайылап жок кылуу же зыян келтирүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Кармалган адам беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости