www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбор калаабызга велосипед менен жүрчүлөргө өзүнчө жол салына турганы баарыбызга маалым. Борбордук көчөлөрдөгү тратуарлар кеңейтилип, бир канча имараттын алдындагы тепкичтер алынып жатат.

Бирок, баарыныкы эмес. Алсак, Ахунбай көчөсүнөн бери имараттардын чийинден чыгып кеткен бөлүгүн бузуп келатышып эле Жогорку Кеңештин депутаты Марат Аманкуловго таандык делген Манас проспектиси менен Москова көчөсүнүн кесилишиндеги имаратка жеткенде иш токтоп калган. 

Аны көргөн шаардыктар Бишкек шаарынын мэрин тоготпойбу же тууганыбы деп көпчүлүктүн башы маң.

Анткени, жөнөкөй элдин имараттарынын алдын велосипед өтчү жол курулат деп чыркыратып эле бузуп салышкан.  

Эмнегедир Марат Аманкуловго таандык делген имаратка келгенде бузалбай жатышкансыйт. Техникасы бузулуп, иш токтоп калды дейин десек, бир канча күндөн бери иш токтоп турат. Ушундан улам мыйзам жазган киши өзү президенттин буйругуна баш ийбейби? Же ага мэрдин да күчү жетпейби деген ой жаралды. 

Булак: NazarNews.org

Последние новости