www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейин социалдык тармактарда наристени чакага салып, тракторго илип алып унааны башкарган жарандын видеосу тараган. Видеотасма ырчы Гүлнара Кахарованын «Балама» аттуу ыры менен коштолгон. Колдонуучулар тасмага байланыштуу кескин сын-пикирлерин билдиришип, аларды жазалоо керектигин айтышкан.

Бүгүн, 2-июнда Ош ОИИББинин кызматкери Жеңиш Аширбаев тракторго баланы илип алып, унаа айдагандарды Ички иштер министрлиги издеп жатканын NazarNewsка маалымдады. 

"Жаш баланын коопсуздугу эске алынбаган жагдайда мыйзам боюнча жоопкерчилик каралган. Мындай кылган туура эмес. Баланы жада калса алдыңкы отургучка да отургузууга болбойт. Баланын коопсуздугу деген маселе бар. Бул видео качан жана кайда тартылганы такталып жатат", — деди Аширбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости