www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Технология, банк жана шоу-бизнес тармагында иш алып барган америкалык компаниялар полициянын афроамерикалыкка көрсөткөн зомбулугуна каршы акцияга чыккандарды колдоп жатышат. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

«Америка үнү» радиосунун маалыматына караганда, Netflix компаниясы «Твиттердеги» баракчасына «Унчукпай коюу — зомбулукка катышууга барабар» деп жазды. Билдирүүдө компания афроамерикалык жумушчулары үчүн бул маселе боюнча пикирин айтууга милдеттүү экени белгиленген.

Google издөө системасынын башкы баракчасында расалык теңдикти колдогон билдирүү пайда болду.

Twitter социалдык түйүнү өзүнүн расмий аккаунтуна #BlackLivesMatter – «Кара терилүүлөрдүн өмүрү маанилүү» деген хэштег кошту.

Citibank банкынын директору, афроамерикалык Марк Мэйсон өз блогуна «Расизм – биздин коомдогу элдин оорусу жана эң жаман көрүнүшү бойдон калууда», - деп жазды.

Өлкөдөгү бир катар дүкөндөрү талоончулукка кабылган Target ири ретейлери да каршылык акцияларынын катышуучуларын колдоду. Компаниянын башчысы Жорд Флойдун өлүмү «көптөгөн жылдардан бери топтолгон ооруну» сыртка чыгарганын билдирди.

«Nike» компаниясы «Твиттерге» видеоролик жарыялады. Анда: «Расизмге көз жумуп койбогула. Күнөөсүз адамдарды өлтүрүүгө жана шылтоолорго жол жок», — деп айтылган. Бул билдирүүнү Nike компаниясынын атаандашы Adidas өз баракчасына бөлүштү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости