www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Беларустун мамлекет башчысы Александр Лукашенко Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев менен жолугушканын Беларус президентинин сайты кабарлады.
Расмий маалыматта: “Беларус президенти Александр Лукашенко өзүнүн досу, кесиптеши, Кыргызстандын экс-президенти Курманбек Бакиев менен жолугушту” - деп жазылган.
Анда Лукашенко Бакиевди 70 жашка чыгышы менен куттуктап, белек берген. Куттуктоодон кийин Лукашенко менен Бакиев актуалдуу суроолорду талкуулашканы кабарланды.
Белгилей кетсек Курманбек Бакиев Кыргызстанды 2005-2010-жылдары башкарган. 2010-жылдын апрелинде элдик толкундоолордон кийин өлкөдөн чыгып кеткен бойдон үй-бүлөсү жана бир туугандары менен Беларустун борбору Минск шаарында жашайт.
Курманбек Бакиевдин тушунда алтын –валюталык запасыбыз дээрлик үч эсеге, орточо айлык акы -2240 сомдон -7189 сомго көбөйгөн. Аскар Акаев Кыргызстанды 15 жылда 2,5 млрд доллар тышкы карызга батырса, Курманбек Бакиевдин тушунда тышкы карыз 500 миллион долларга азайган.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»