www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москванын түндүгүндөгү Фестивальная көчөсүндө эркек ишинин башы кесилген денеси табылды. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты. 

Башы кесилген жансыз денени маркумдун тууганы тапкан. Аялдын айтымында, алар бүгүн чогуу учуп кетишмек, бирок ал анын чалууларына жооп бербегендиктен, батирине келип үрөй учурган окуяга туш болгон. 

Каза болгон адам травматолог-хирург болгон. Батир ага таандык экени такталган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, ал киши ичимдик ичкен.

«Окуя болгон жерде ыкчам тергөө тобу иштеп жатат жана бардык жагдайлары такталууда. Милиция кызматкерлери тарабынан бул окуяга катыштыгы бар адамды аныктоо, издөө жана кармоого багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын комплекси жүрүүдө», - деп билдирет Россиянын Ички иштер министрлигинин Башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Бул факты боюнча Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин 1-бөлүмү “Киши өлтүрүү” боюнча кылмыш иши козголгон.

Белгилей кетсек, бүгүн, 12-сентябрда эртең менен Москванын түндүгүндөгү сейил бактардын биринен жергиликтүү тургундар башы кесилген адамдын сөөгүн табышкан. Эркектин денесинен, моюнунан жана башынан бычактан алган жарааттары бар экени аныкталган.

Кылмыш болгон жерде криминалисттер жана райондук тергөөчүлөр иштешүүдө. Тергөө иштери Москванын прокуратурасынын көзөмөлүнө алынды. Бул факты боюнча Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин 1-бөлүмү “Киши өлтүрүү” боюнча кылмыш иши козголгон.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости