www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"UFC" уюмунун жеңилбес чемпиону, россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов футболдун жылдызы Криштиану Роналду менен жолукту.

Жолугушуу учурундагы сүрөт жана видеолорду Нурмагомедов өзүнүн Instagram социалдык тармактагы жеке баракчасына жарыялады.

Алар Англияда "Манчестер Юнайтед" (Роналду ойногон клуб — ред.) менен "Эвертондун" беттешинен кийин жолугушту. Спортчулар тамаша иретинде көз караштар таймашын өткөргөн.

"Сен дүйнөдөгү миллиондогон адамдарга дем бересиң", — деп жазды Нурмагомедов Криштиану Роналдуну белгилеп.

Эске салсак, сентябрь айынын башында Роналду Португалия курамасынын сабында эки гол киргизип, улуттук команда үчүн дүйнөлүк рекорд жараткан болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости