www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мыйзам жагынан алганда, Райымбек Матраимов адал эле аракеттенген. 700 миллион доллар ишкерлердики болчу. Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басарына мамлекет басым жасаган. Мындай пикирди Vesti.kg сайтына Жогорку кеңештин мурдагы депутаты Жылдызкан Жолдошова билдирди.
Анын айтымында, коомчулук тарабынан ага таңууланган күнөөгө Матраимовдун тиешеси жок.
Андан тышкары, Kloop менен OCCRP жүргүзгөн журналисттик иликтөөнүн алкагында, Матраимов адалдаган деген 700 миллион доллар чындыгында ишкерлердин акчасы болгон, деп эсептейт Жолдошова.
– Мыйзам жагынан алганда, Райым Матраимов туура эле иш жасаган, – деп билдирет Жолдошова.
– Бул акча ишкерлер алган товар үчүн банк аркылуу которго каражат болуп чыгып атат. Ошондуктан, ал өлкөдөн 700 млн доллар чыгарып кеткен деген маалымат – блеф. Ал болсо күнөөнү – мамлекеттик машина ага катуу басым жасагандыктан мойнуна алган.
Эске салсак, 2021-жылдын апрель айынын ортосунда УКМК Райымбек Матраимовго каршы ачылган кылмыш ишин токтотуп, ал жана анын үй-бүлө мүчөлөрү чет жакта эч кандай кыймылсыз жана башка мүлккө ээ эмес деген бүтүмгө келген.
Ошондуктан, журналисттердин аталган материалында келтирилген кине далилденген эмес. УКМКнын пресс-борбору тараткан кайрылууда – Кыргыз Республикасынын сыртында Матраимов жана анын үй-бүлө мүчөлөрү кандайдыр бир кыймылсыз мүлк алган деген фактка тергөө эч кандай далил чогулта алган эмес деп айтылат.
Элдос Казыбеков, Vesti.kg
Маалымат Вести кж сайтынан кыргызчаланды