www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында жаштардын ортосунда чыр чыкты. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.

18-сентябрда түнкү саат 3:00 чамасында кайгуул кызматкерлери борбор калаанын көчөлөрүндө кызмат өтөп жатышкан. Ошол учурда «Ретро-Метро» түнкү клубунун жанындагы чырды көрүшкөн. Ал жакта кыздар жаш жигит менен урушуп жатышкан.

Кайгуул кызматкерлери урушуп жаткан адамдарга барганда, аларга жаш жигит жардам сурап кайрылган.

«Мен кыздардын бирөөнө «качок» экенсиң деп эле айтып койгом», - деди ал кайгуул кызматкерлерине жана журналисттерге чырдын себебин түшүндүрүп жатып.

Жыйынтыгында урушка тиешеси бар бардык жарандар милиция пунктуна жеткирилген.

Жалпыга маалымдоо каражаттары чыр жаш жигит менен транссексуалдардын ортосунда чыкканын жазышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости