www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте 2 күн мурда күйүп кеткен тез татым жайынын кырсыктан кийинки видеосу социалдык тармактын колдонуучусу тарабынан жарыяланды. Анда тез тамактануучу жайдын толугу менен күйүп кеткенин көрүүгө болот.

Ал эми ӨКМнын басма сөз кызматынан кырсык тууралуу маалымат нөөмөт бөлүмгө 12-июнда саат 23:35те түшкөнүн кабарлашты.

"Бишкектин Интергельпо жана Кең-Суу көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан тез татым жайында жарылуу болуп, толугу менен күйүп кеткен. Жерине 1 бөлүм тартылып, өрт түндө өчүрүлгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда", - дейт маалымат кызматынан.

Ал эми кырсыктын күбөлөрүнүн айтымында, жардыруунун натыйжасында буюмдар коңшу короого чейин учуп барган.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости