www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстанда чакырууга мас абалында келген дарыгерлердин видеосу социалдык тармакка тараган. Териштирүүдөн кийин аталган медицина кызматкерлери жумуштан бошотулганын казак басылмалары жазышууда.
Социалдык тармакка тараган видеодо "Тез жардам" кызматына чакырган аял алардын үйүнө келген медицина кызматкерлери мас экенин айтса, чакырууга келгендер анын сөзүн четке кагып, бирөөсү "мен жөн гана кекечтенип жатам" деп актанган.
Кийинчерээк роликтин автору алардын кызматынан баш тартып, экинчи бригаданы чакырган. "Медицина кызматкерлери кетпей жатып араң чыгышты. Биз алардын аты-жөнүн билип алалы деп артынан станцияга бардык. Видеодо кыйкырып жаткан фельдшер кыз, ал подъездде да дубалды колу менен чапкылап жаткан.
Аталган медицина кызматкерлерине карата арыздануучу тарап полиция кызматына арыз жазган. "Биз 88 жаштагы чоң энебизге жардам керек болуп, медицина кызматкерлерин чакырганбыз. Экинчи бригада келгенче энебиздин кан басымы 220га көтөрүлүп кетиптир", - деген арызданган аял.
Окуя болгон Караганда облусунун саламаттыкты сактоо башкармасынын басма сөз кызматынан медицина кызматкерлери мас абалында болгонун тастыктап, жумушунан бошотулганын билдиришкен.
Булак: NazarNews.kg