www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КРнын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков кечээ, 25-майда Канаданын тышкы иштер министри Франсуа-Филипп Шампан менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, эки тараптын сүйлөшүүсүндө COVID-19 пандемиясынын терс кесепеттерин жеңүү боюнча кызматташуу маселелерин жана эл аралык финансы институттарынын алдындагы КРнын карыздык оорчулугун жеңилдетүү маселесин талкуулашты. Министр Чыңгыз Айдарбеков бул багытта көрсөтүп жаткан көмөгү үчүн Канада тарабына ыраазычылык билдирди. Тажрыйба алмашуу үчүн, COVID-19 менен ооругандарды дарылоого түздөн-түз тартылган эки өлкөнүн медициналык эксперттеринин ортосунда жумушчу байланыштарды орнотуу жөнүндө макулдашуу жетишилди.

Мындан тышкары, министрлер эки өлкөнүн эл аралык демилгелерин дагы карап чыгышты. Алдыда боло турган эң жогорку деңгээлдердеги байланыштардын графиги талкууланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости