www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын глобалдык жаңы типтеги коронавирус (Covid-19) пандемия процессин ийгиликтүү башкарганын жана натыйжа алууга жакындап калганын айтты. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыкты.

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК)  башкы жетекчилигин да аркалаган Эрдоган, партиясынын 81 облустагы жамааты менен майрамдашты.

Эрдоган, сөзүндө, «Жараткандан бизге майрамдарды майрам сыяктуу өткөрө турганыбыз канчалаган жакшы күндөрдү көрсөтүүсүн тилеймин»,-деп айтты.

Ковид-19 пандемиясына токтолгон Эрдоган, Түркиянын глобалдык пандемия процессин ийгиликтүү башкарганын жана натыйжага жакындап калганын белгилеп, «Нормалдашууга карай таштаган кадамдарыбыздан кийин келип чыккан картина туура жолдо баратканыбызды көрсөтүүдө. Жаңы жашоо шарты менен бул мезгилди эң аз зыян менен ашып өтөбүз. Арапа күнүнөн майрам бүткөнгө дейре 4 күн бою үйдө болуп күрөшүбүзгө колдоо көрсөткөн улутубуздун ар бир мүчөсүнө сабырдуу болгондуктары үчүн ырахматымды айтамын»,-деп баса белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости