www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

26-майга карата дүйнөдө коронавирусту жуктургандардын саны 5 миллион 493 миң 482ге жетти. Анын арасынан 2 миллион 231 миң 454 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылса, 346 миң 209 адам көз жумду. Бул тууралуу маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды.

АКШда 1 миллион 662 миң 250 адам катталды. Андан 379 миң 157 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылса, 98 миң 218 адам оорудан каза болду.

Коронавирусту жуктургандардын санынын көптүгү боюнча экинчи орунга чыккан Бразилияда 374 миң 898 адам илдетти жуктурган. Оорудан 153 миң 833 адам айыкса, каза болгондордун саны 23 миң 473кө жетти.

Россияда 353 миң 427 адам коронавирус илдети менен катталган. Анын арасынан 118 миң 798 бейтап сакайып, 3 миң 633 адам дүйнө салды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости