www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаровдун эл аралык издөөдө жүргөн эжеси Жапарова Райкүл Нуркожоевна Польшадан  кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

"Бишкек шаарынын Октябрь райондук жана Бишкек шаардык соттору тарабынан сырттан чечим чыгарылып 2014-жылдын 22-октябрында жана 2015-жылдын 3-апрелинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 30-183-беренесинин 3-бөлүмүндө (Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) кылмышына катышуу), 166-беренеси (алдамчылык) менен 221-беренесинде (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы) көрсөтүлгөн кылмыштарга күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга эркинен ажыратылган", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан Райкүл Жапаровага эл аралык издөөгө, анын ичинен Интерпол аркылуу издөөгө алынган. Интерполдун маалыматы боюнча, Р. Жапарова 2020-жылдын 22-майында Польшанын аймагынан кармалган. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Р. Жапарованы Кыргыз Республикасына экстрадициялоо маселелери чечилип жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости