www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жөнөкөй жарандан башкап, мамлекет башчыларына чейин Кытайда пайда болгон вирустан кантип сактануу керек деген суроо келүүдө.  Ухань шаарында тараган коронавирус 2019- жылдын декабрь айынын аягында пайда болуп, азыркы кунго чейин, 170 адамдын өмүрүн алып, 7711 киши жуктуруп алды.

Аталган вирус, абдан коркунучту экенин кытай бийлиги моюндады. Себеби, денеде пайда болгон вирус, организимге киргенден кийин көбөйүп, кишиден –кишиге аба аркылуу жугат. Дарысы табыла элек эпидемиядан дагы канча киши жабыркайт, бул жагы  белгисиз бойдон калууда.

Оорунун пайда болушундагы алгачкы симптомдордун биринчи белгилери, кургак жөтөл, дем алуунун кыйындашы, дене табынын көтөрүлүшү, алсыроо. Адам вирус жуктуруп ала турган болсо, 10 кунгө чейин билинбейт.  Качан гана 14 күн болгондон кийин гана адамдын ооруп же оорубай жаткандыгы билинет. Ошол себептен, ооруган адамдардын жакындары көзөмөлдө турушат. Картинки по запросу коронавирус все с маской

Жаңы типтеги коронавирус 17 өлкөгө жайылды. Алардын көпчүлүгү Европа, Түндүк Американын жана Азия өлкөлөрүндө да катталууда.

 Алар Гонконг-8, Таиланд-8, Макао-6, Вьетнам-2,   Камбоджа-1,   Канада-1, Германия-1,  Кот-д'Ивуар-1,  Непал-1,  Шри-Ланка-1,АКШ-5, Австралия -5, Япония- 4, Малайзия- 4, Сингапур -5, Тайвань-5, Түштүк Корея-4, Франция -3

Эске салсак буга чейин, аталган вирус 2002-жылдын ноябрь айында  алгач ирет Кытайдын Гуандан провинциясында катталган. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, бул вирус менен Кытайдын аймагында эле 5327 бейтап катталса, 349 адам каза болгон. Жалпысынан 30 өлкөдөн оору жуктургандар катталып, бардыгы 8,5 миңди түзгөн. Жыйынтыгында 900 адам көз жумган.

Мындан 100 жыл мурун, “Испан тумоосу»- деген ат менен белгилүү болгон эпидемя, биринчи дүйнөлүк согуштун бүтөөрүнө 1 ай калганда, тагыраагы 1918-1919-жылдары тараган, эң көркунучтуу оору болгон. 

Картинки по запросу испанка вирус

Аталган тумоодон дүйнө жүзүндө 50-100 миллионго чейин  адам каза болуп, 550 миллон адам бул ооруну жуктуруп алган. Оорунун негизги белгилери, жөтөл, көк келбет, цианоза, андан соң кан түкүрүү. Бирок, кээ бир ооруу жуктуруп алгандарга эч кандай белги билинбестен, инфекциядан кийинки  күнү эле  каза болуп калышкан.  Каарын төккөн оорудан  Испанияда эле  8 миллион адам каза болгон. Бул жалпы калктын 39% пайызын түзгөн.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости