www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Германияда сейрек кездешүүчү мутациядан улам алты буттуу козу туулду. Бул тууралуу МИР 24 билдирди.
Маалыматка ылайык, козу “соо, тирүү” туулган, бирок ашыкча эки буту болгондуктан, ордунан туруп тамак жегенге кыйын болгон.
Козу бутуна туруп кетүү үчүн фермер Бренд Тинтер анын бир бутун бинт менен таңып койгон. Ал бир нече жумадан кийин калган үйүр менен жайлоого чыга алат деп эсептейт.
"Ал башынан эле жашагысы келген, ошондуктан биз ага бир нече буту болсо дагы чоңойгонго мүмкүнчүлүк берип жатабыз", - дейт фермер.
Уайтхаус фермасынын кожоюну Хизер Хогарти кошумчалагандай, жаш козунун саламаттыгы тыкыр көзөмөлгө алынып, ветеринардык кийлигишүү керек болушу мүмкүн. Анын айтымында, ферма кызматкерлери козуну сактап калуу үчүн, эгер мүмкүн болсо, ашыкча мүчөсүн алып салууга үмүттөнүшөт.
Булак: NazarNews.kg