www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Лондондо аукциондо Пабло Пикассонун кызы Майя тартылган кубизм стилиндеги сүрөтү ири суммага сатылды. Сатып алуучу бул чеберчилик үчүн 18,1 миллион фунт стерлинг (21,6 миллион доллардан ашык) төлөгөн, деп жазат The Daily Mail.
Аталган эмгек "Кайыкчан кыз" деп аталып, испан сүрөтчүсү Пикассо аны 1938-жылы тарткан. Ал убакта кызы Мая 2,5 жашта болгон.
Эксперттердин айтымында, ачык түстөр менен толтурулган картина Пикассонун жашоосунун эң оор жылдарында кызынын алып келген бакытын чагылдырат.
Бул сүрөт биринчи жолу 1999-жылы аукционго коюлуп, 1997-жылы каза болгон модельер Джанни Версаченин коллекциясынын алкагында 3,7 миллион фунтка (4,44 миллион доллар) сатылган.
Булак: NazarNews.kg