www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Исмаил Матраимов" атындагы коомдук кайрымдуулук фонду кыргыз киносунун ардагерлерине чакан гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу видео фонддун социалдык баракчасына жүктөлдү.

Фонддун ыктыярчылары аталган иш-чарадан кийин төмөнкүдөй ой-пикирлерин билдиришкен: “Биз Ата мекендик киноматографтардын өкүлдөрүнө барып, аларга  азык-түлүк топтомун тартууладык. Кыргыз маданиятынын өнүгүшүнө зор салымын кошкон сонун адамдар менен жолугушуу узак убакытка унутулбайт.

Бул албетте, баатырдык эмес, биз жөн гана кыска убакытка жете турган азык-түлүктөрдү өткөрүп бердик. Бирок бул сапар менен биз жөнөкөй адамдык көңүлдү көтөрүп,  улуттук кинонун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн маданият ишмерлерине ыраазычылык билдиргибиз келди. Уюмдун ыктыярдуу кызматкерлери барган адамдардын бардыгы аларды көтөрүңкү маанайда кабыл алышып, кубанычта болушту. Ардагерлердин айрымдары өз тажрыйбасында болгон кызыктуу окуялар менен бөлүшкүсү келсе, башкалары кадимки маектешүүгө кубанычта болушту.

Пенсиянын же кандайдыр бир стабилдүүлүктүн бардыгын айтып, алып барылган азык-түлүктөн баш тарткандар да кездешти. Алардын  арасында “барак” тибиндеги үйлөрдө жашап, аз көлөмдөгү жөлөкпул алган Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамына ээ болгондору да бар.
Кыргыз киносун көргөндө алар биз үчүн баатыр болуп саналып, кумирлерибизге айланып, таланттарына суктанабыз, алардан автограф  сурап же башка көңүл бурууну билдирген белгилерди билдиребиз.

Искусствого караганда акчаны артык көргөндөрдүн чыныгы  жашоосу кандай жыйынтыктарга алып келээрин алардан башка бизге ким көрсөтүп же айтып бермек эле”, - дешет ыктыярчылар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости