www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчилигинин өкүлү Тимур Саралаев социалдык баракчасы аркылуу Токтайым Үмөталиева тууралуу пикирин жазып чыкты. Анын тексти төмөндө өзгөртүүсүз берилди.

"Ушул сөздөрдү ал кишинин деңгээлине түшүп эч жазбайын дедим элем, аргасыз ачык жазып жатам, туура түшүнгүлө, анткени чектен чыгуу болуп кетти. Кыргызстандагы “НПОлордун” башчысымын деген Токтайым Үмөталиева деген эже бар. Аны менен аласа-бересем жок эле, бирок соңку бир айдай болуп калды, табиятта жок нерселерди айтып, көпчүлүктү тажатты. Менин номеримди таап, биринчи жолу мага чалганда эже чу дегенде эле ажылдап, негедир күнөөлөп, урушуп чалды. Мен сылык эле формада эскертүү бердим,

- Эже башка тон менен сүйлөшөлү, кыйкырбаңыз,-деп сурандым. Дагы 3-4 жолу чалды, тааныштарынын маселелери бар экен, жок дебей, сөзүн эки кылбай четинен чечип бердик. Андан кийин эле, жин тийгенби, эмне болгонун өзүм деле түшүнбөй калдым, кызыктай нерселерди айтып, тиешеси барына-жогуна деле күнөөлөп, көөлөп, коррупция, бекинип алды, жатып алды, сотко бериш керек, ал эле, бул эле ж.б.ж.у.с. деп өз баракчасы аркылуу Россиядагы Кыргызстандын элчилигинин элдин душманы катары эсептеп, элдин башын айлантып, капкайдагы сөздөрдү айтып алды да жатып калды.

Мейли эмне дейт, өз укугу, айта берсин дейт элем, бирок Россиядагы бир топ мекендештер анын аудиожазууларын ватсап топтордон угуп алып, бир топ адамдар Оренбург облусуна тынч жаткан жеринен жөнөп кетип калышпадыбы. Койгула, туугандар деп, суранып-жалынса да уккан жок алар эч кимди. Мен билбейм эженин “чакуруктарына” кандай юридикалык баа бериш керекпи же жокпу, бирок менин оюмча карапайым элдин ишенимин кыянаттык менен колдонуусуна сөзсүз баа берилиши керек. Азыр болсо, менин түшүнгөнүмө караганда кыргыз мигранттар кайсы жерде болбосун, ошол жерлерге мурдун тыгып, Россиядагы мигранттардын башын айлантканы аз келгенсип, ал жакты да чайкоодо. Себеби, алардын арасында да адекватуулугу чоң суроолорду жараткан кишилер бар экен, араб Эмираттарында жана башка өлкөлөрдө болгон нерселерди өзү жана өзүнө окшогон тарапташтары бизге чаптай баштады, ар жактан чыгып ажылдап.

Биз эмне ТИМ болуп калдыкпы же эженин ою боюнча, баарына жооп бере турган тараппызбы эч түшүнбөй калдым?! Калп айтуунун да чеги бар да же унчукпаса эле урдура бериш керекпи?! Так ушул жалган сөздөрүн такыр айткым келген эмес, айла жок айтып жатам. Коомчулук анын ким экенин билиши керек. Анын тегерегиндеги балдарына айтканын караганда, эжеге  – “мигранттардын проблемаларын чечиңиз” деп Россиянын президенти В.Путиндин жана Казакстандын президенти К.Ж.Токаевдин жардамчылары чалат экен.

Ал эми мага болсо, алгачкы телефон чалганда – “жар салбай жатабыз, бирок бүт учактарды Кыргызстанга мен уюштуруп жатам”, деген. Мен ичимен унчукпай– мейли, сизби, башкасыбы, кимиси болсо да, учсунчу дегем элем.  Азыр болсо, анын эртеден кечке чейинки иши соц.тармактарга олтуруп алып ар кайсы калпты чындай кылып айтуу эле болуп калыптыр. Ушунчалык чындап элге жардам бергиси келсе, акча салсын, тамак-аш жөнөтсүн ж.б. реалдуу нерселерди кылсын, эч ким жолтоо болбойт. Ал түзүп койгон тизмелер менен ватсап топтор, ар бир 100чү мигрантта бар, эже ойлогондой ал уюштуруу иштери эмес. Көрөсүңөр го эми, жакынкы арада боло турган каттамдарды мен кылдым дейт, мейли десин, талашпайбыз, биз кылдык деп деле айтпайбыз. Аны эл сындаган президенттин аппараты, Өкмөт, Жогорку Кеңеш, ТИМ жана Элчилик кылып жатат. Калгандардын баарынын эч тиешеси жок, алар коштой турган иштерди гана кылууда", - деп жазган Саралаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости