www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ливиянын Дерна шаарында селден каза болгондордун саны 11,3 миң адамга жетти, 20 миңден ашууну дайынсыз болууда. Бул акыркы сандар эмес экенин euronews басылмасы жазып чыкты. 

Шаардын мэри кыйраган имараттарга таянып, 20 миңден ашуун адам кырсыктын курмандыгы болушу мүмкүн деп болжолдоодо. Селден жабыркагандардын арасында ливиялыктардан тышкары Судан менен Египеттен келген ондогон мигранттардын сөөгү да табылган.

Белгилей кетсек, бороон-чапкын Ливиянын жээгине Жер Ортолук деңизинен келип, ал нөшөр жаан жана күн күркүрөө менен коштолгон. Өзгөчө Дерна шаары жабыркап, анда эки дамба талкаланган. Кесепетинен бүт аймактар ​​суу алдында калып, жергиликтүү тургундарды агым Жер Ортолук деңизге агызып кеткен. Селден каза болгондордун жансыз денеси дагы эле жээкке чыгып жатат.

Көп жылдык салгылашуулардан кийин шаарда жарылбай калган снаряддар жана миналар калганы кырдаалды татаалдаштырат. Кызыл Жарым Ай коому суу ташкыны аларды башка аймактарга алып кетиши мүмкүн экенин эскертти. Бул куткаруучулардын ишин кыйындатат.

Селдин кесепеттери менен күрөшүү үчүн экиге бөлүнүп келген Ливиянын батыш жана чыгыш өкмөттөрү бириккен. Бенгазиде отурган чыгыш бийликтери жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн дээрлик 2 миллиард доллар бөлдү. Баш кеңсеси Триполиде жайгашкан өлкөнүн батыш өкмөтү жабыркаган аймактарга гуманитардык кербен жөнөтүп, куткаруучу учактарга бекер май куюуга буйрук берип, Дернаны калыбына келтирүүгө 412 миллион доллардан ашык каражат бөлгөн.

Жардам чет өлкөдөн да келүүдө: Европа Биримдиги Ливиянын өзгөчө муктаждыктары үчүн 530,000 доллардан ашык, ал эми Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму 2 миллион доллар берди. Египет, Тунис, Түркия, Италия жана Испания кырсык болгон аймактарга куткаруучуларын жөнөтүштү. Франция сел болгон жерге талаа ооруканасын жайгаштырды.

Болгон окуяга Ливияда борборлоштурулган өкмөттүн жоктугу себеп болгонун айтышууда. Дамбалар Муаммар Каддафинин доорунан бери ондогон жылдар бою оңдолгон эмес.

Бириккен Улуттар Уюму эгер өлкөдө аба ырайынын коркунучу тууралуу алдын ала эскертип, жергиликтүү тургундарды эвакуациялоого үлгүргөн метеорологиялык кызмат туура иштегенде трагедияны болтурбай коюуга болмок деп эсептейт.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости