www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын 14 жаштагы тургуну сасык тумоонун татаалданышы катары өнүккөн бактериялык инфекциядан улам колу-бутунан ажырап калган. Бул тууралуу WSMV басылмасы билдирет.

Маалыматка ылайык, Теннесси штатынын Нэшвилл шаарынан тургуну Матиас Урибе 2023-жылдын жай айынын башында сасык тумоо менен ооруп калган. Бир нече убакыт өткөндөн кийин өспүрүмдүн абалы тездик менен начарлай баштагандыктан, анын ата-энеси Эдгар менен Каталина дарыгерлерге кайрылышкан. Дарыгерлер Матиаска пневмония, жүрөктүн токтоп калышы жана стрептококк инфекциясы диагнозун коюшкан, ал симптомдордун тез өнүгүшү жана өлүмдүн жогорку көрсөткүчү менен мүнөздөлөт.

Өспүрүмгө бейтаптын жашоосун убактылуу камсыз кылуу үчүн жасалма жүрөк жана өпкө колдонулган метод менен дарылашкан. Эдгардын айтымында, уулу дарыланганы менен анын буту-колуна кан жетпей калгандыктан, дарыгерлер анын өмүрүн сактап калуу үчүн аларды кесип салууну чечишкен. 

"Дарыгерлерге ампутация деген сөздүн ордуна алып салуу деген сөздү колдонолу", - дедим деп эскерет Каталина.

Матиаска 10дон ашык операция жасалып, натыйжада колу-бутунан ажыраган. Өспүрүм учурда ооруканада жана ага дагы бир нече хирургиялык кийлигишүүгө туура келет. Ата-энеси Матиасты колдоп, ал ооруканадан чыккандан кийин протездин жардамы менен кайра баса алат деп үмүттөнүшөт. "Биз баарын жеңгенге чейин анын колу жана буту болобуз", - дейт Эдгар.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости